top of page
Search

Аупеир гаст-үй-бүлөгө кантип жакшы кат жазса болот?

Updated: Oct 12, 2024




Үй-бүлөңүзгө кат – бул өзүңүздү тааныштырып, идеалдуу үй-бүлөнү табуунун маанилүү жолу. Сиз келечектеги гаст-ата-энеңизге кат жазганы жатасыз. Бул жерде биз сизге жакшы катты кадам-кадам менен кантип түзүү керектигин түшүндүрөбүз:


Киришүү жана кайрылуу:

Урматтуу үй-бүлө, менин атым Индира М. Мен20 жаштамын, жана учурда [сиздин кесибиңиз/окуу багытыңыз, кайсы шаарда окуп жатканыңызды көрсөтүңүз] боюнча иштеп/окуп жатам. Эгер сиздин учурда окууңуз же жумушуңуз жок болсо, анда сиз немис тилин тырышчаактык менен үйрөнүп, Au Pair программасына даярданып жатканыңызды белгилеп коюңуз.


Өз үй-бүлөңүз жөнүндө маалымат:

Бул жерде сиз өзүңүздүн үй-бүлөңүздү тааныштырасыз. Азыр болсо менин үй-бүлөм тууралуу кыскача маалымат. Менин үй-бүлөм 6 адамдан турат: атам [анын аты, жашы жана кесиби], апам [анын аты, жашы жана кесиби]. Башка үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу да маалымат бериңиз. Үй-бүлөңүз жөнүндө канчалык кеңири жазсаңыз, кабыл алуучу үй-бүлөлөрдүн сиздин үй-бүлөңүз тууралуу түшүнүгү ошончолук жакшы болот.


Балдарды карап-багуу тажрыйбаңыз:

Бул жерде сиз балдарды караган тажрыйбаңыз жөнүндө айтып бересиз. Эмне үчүн балдарды карап жүргөнүңүздү, кандай курактагы балдар менен иштегениңизди көрсөтүңүз. Аларга кандай кам көргөнүңүздү жана кандай иштерди жасагансыз, так мисалдарды келтириңиз.


Балдарды карап-багуу боюнча планыңыз:


Сиздин балдарды кантип карарыңыз: Мен сүрөт тартканды, жасалгаларды жасаганды, бийлегенди, ырдаганды жана музыкалык аспаптарда (гитара, пианино, комуз ж.б.) ойногонду жакшы билем. Мен активдүү жана спортко кызыккан адаммын, ошондуктан футбол, жашынмак, баскетбол жана башка көчө оюндарын жакшы көрөм. Балдарды печенье, токоч, торт бышырууга үйрөтө алам, эгерде муну билсеңиз. Балдар менен бирге күрүч, жасмык шорпосу, картошка пюреси жана балдарга ылайыктуу тамактарды жасайм. [сиз чынында эле даярдай алган тамактарды жазып коюңуз]Балдарды кантип уктаарга жаткырарыңызды жазыңыз. Мисалы: Кечинде аларга жомок окуп же уктаар алдында ыр ырдап берем.Өзүңүздүн кандай көндүмдөрүңүз бар экенин жана балдарды эмне кылып үйрөтө алганыңызды кеңири түшүндүрүү маанилүү.


Кошумча көндүмдөр:

Бул жерде төмөнкү көндүмдөрүңүздү сөзсүз белгилеңиз:

  • Сиз унаа айдай аласызбы? Ооба болсо, айдоочулук күбөлүгүңүз барбы? Канча жылдан бери айдайсыз?

  • Немис тилиңиздин деңгээли кандай? Сиз A2 деңгээлинде сүйлөй билишиңиз керек.

  • Сууга сүзгөндү билесизби?

  • Велосипед тебүүнү билесизби?


Ошондой эле балдарды карап жатканда эмне кылбай турганыңызды жазуу маанилүү.


  • Балдарды ата-эненин уруксатысыз телекөрсөтүүгө калтырбоо.

  • Балдарга көңүл бурбоо.

  • Телефон менен көп алек болбоо.

  • Балдардын алдында чылым чекпөө же туура эмес жүрүм-турумда болбоо.

  • Балдарга дары бербөө.


Бирок, эгер сиз чылым чексеңиз, бул тууралуу ачык жана чынчыл болуу жакшы, андыктан сизди бул көйгөйдү тоскоол көрбөгөн үй-бүлөлөр тандап алышы мүмкүн.


Эмне үчүн сиз Au Pair болгуңуз келет?

Бул жерде сиз өз мотивацияңызды айтып бере аласыз, эмне үчүн бул программаны тандадыңыз. Au Pair программасы жөнүндө кайдан жана кантип билдиңиз? Мисалы, мен бул программа тууралуу университеттеги окутуучумдан же досторумдан, тааныштарымдан, курбу-курдашымдан билгем жана бул программа немис тилин үйрөнүү жана европалык маданият менен жакындан таанышуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп чечтим. Au Pair программасы сизге кандай мүмкүнчүлүктөрдү бергенин кеңири сүрөттөп бериңиз. Мисалы, DAAD аркылуу магистратурага тапшыруу үчүн, карьералык өсүү үчүн, эл аралык уюмдарда иштөө үчүн, Германия менен бизнес өнүктүрүү үчүн (кайсы багытта так көрсөтүңүз), өзүңүздү таануу жана көз карашыңызды кеңейтүү үчүн, саякаттоо жана дүйнөнү таануу үчүн ж.б.


Каттын аягы: Үй-бүлөңүз менен жакын арада таанышууга үмүттөнөрүңүздү жазып, урматтоо менен коштошуңуз.


Текшерүү: Сураныч, катыңызды биздин менеджерлерге оңдоп берүүгө бериңиз. Эгерде кошумча суроолоруңуз же сунуштарыңыз болсо, WhatsApp аркылуу биздин менеджерлер менен байланышыңыз.


Бул нускама сизге жакшы кат жазууга жана ылайыктуу кабыл алуучу үй-бүлөнү табууга жардам берет деп ишенебиз.


BOTO командасы сизге Европада ийгилик жана жетишкендиктерди каалайт!

 
 
 

Comments


© ВОТО  – Бишкек шаарындагы немисче билим берүү борбору жана кадрлар агенттиги

Байланыш | Колдонуу шарттары | Конфиденциалдуулук | Суроолор | Блог | Aныктоо тести 

bottom of page