Биздин программаларыбыз
Аупейр
Германия жана Австрия
Германиядагы же Австриядагы Аупейр катышуучусу катары сизде дүйнө таанымыңызды кеңейтүүгө, тил үйрөнүүгө жана дүйнөнүн булуң-бурчуна саякаттого уникалдуу мүмкүнчүлүк бар, ошону менен бирге гаст үй-бүлөдөн жана ВОТО компаниясынан ар дайым колдоо ала аласыз. Европанын жашоо образына жана маданиятына сүңгүп, жаңы маданият менен жакындан таанышасыз.
Практикум
Германия
Сиз Кыргызстанда туризм, гастрономия жана экономика тармагында окуйсузбу?
Сиздин максат – бир жылдык практиканы немис компанияларында же ишканаларында кесиптик тажрыйба топтоо менен бирге акча табуу болуп саналабы? Демек бул программа сиз үчүн урматтуу биздин достор. Кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт; март айында 12 ай үчүн жана май айында 5-6 ай үчүн. Германияда практика өтөө тууралуу суроолор жаралган болсо, биздин менеджерлерге кайрылсаңыз болот. Менеджерлер сизге программа тууралуу бат жана жеткиликтүү маалымат беришет.
Фериенжоб
Германия
Бул программага катышуунун шарттары абдан жөнөкөй:
- Кыргыз Республикасындагы каалаган университеттин күндүзгү бөлүмүндө студент болуу.
- Акыркы курстун студенти болбошуңуз зарыл.
Болду!!!
Калганын чогуу жасайбыз. Керектүү документтерди даярдайбыз. Немис тилин A2 деңгээлине чейин үйрөтөбүз. Германиядан мыкты жумуш берүүчүлөрдү табабыз. Интервьюга даярдайбыз, жада калса Кыргызстанга кайтып келгенде салыкты кайтарып беребиз!
Аусбилдунг
Германия
Сиз өз тармагыңыздын мыкты адиси болуп, Германиянын дипломун алып, Германияда 3 жылдан кем эмес жашагыңыз келеби? Анда Аусбилдунг программасы сизге эң ылайыктуусу. Бул программа менен сиз бир кесиптин ээси гана болбостон, дасыккан адиси болуп чыгасыз. Кесиптик окуу адатта эки бөлүктөн турат: кесиптик лицейдеги теориялык бөлүк ( билим аласыз) жана ишканадагы жумушта практикалык бөлүгү (айлык аласыз). Окуунун узактыгы, адатта, тандап алган кесибине жана багытына жараша 2 жылдан 3 жылга чейин созулат. Окутуу адатта август же сентябрь айында башталат, бирок биз менен сиз жылдын каалаган убагында Аусбилдунг программасына тапшыра аласыз. Германияда кесиптик билим алууну каалайсызбы? Бул программа боюнча сиздерге гана эмес, ата-энеңиздерге да кеңеш берүүгө даярбыз.
Жогорку билимдүү адистер
Туризм,Экономика жана Гастрономия
Туризм индустриясы Германияда соодадан кийинки экинчи чоң кызмат көрсөтүү сектору болуп саналат. Учурда Германиянын эмгек рыногунда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги байкалууда. Бул үчүн квалификациялуу адистер керек. Эгерде сизде туризм же гастрономия боюнча билимиңиз бар болсо жана карьераңызды Германияда баштагыңыз келсе, биз сизге бул жолду баштоого жардам берүүгө даярбыз.
Немис тили курстары
Оффлайн жана онлайн
Немис тилин Бишкек шаарынын так борборунда биздин мыкты мугалимдерибиз менен интенсивдүү программада үйрөнүңүз. Бизде жагымдуу атмосфера бар жана сиз өзүңүздү үйүңүздөгүдөй сезесиз. Биздин борбордо сиз тил үйрөнүп эле тим болбостон, Европаны чогуу багындыра турган досторду жана пикирлеш адамдарды табасыз.
Биздин курсту аяктаган бардык студенттер Гёте-Институт жана ÖSD экзамендерин ийгиликтүү тапшырышат.
FAQ
FAQ - Көп берилүүчү суроолор. Бул жерде биз көп берилүүчү суроолорго жооп беребиз.
-
BOTO kg деген эмне жана ал Бишкек шаарында эмнени сунуштайт?BOTO kg – бул Европадагы эл аралык программалар боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча белгилүү жана лицензиясы бар агенттик жана Кыргыз Республикасындагы Билим берүү борбору, офлайн жана онлайн форматта немис тилинин интенсивдүү курстарын сунуштайт, ошондой эле маданий иш-чараларды өткөрөт.
-
BOTO kg Бишкекте немис тил курстарынын кандай түрлөрүн сунуштайт?Биз немис курстарынын ар кандай түрлөрүн онлайн жана оффлайн форматта сунуштайбыз, анын ичинде интенсивдүү курстар, жеке сабактар жана экзаменге даярдоо курстары.
-
BOTO kgде интенсивдүү немис тил курсу канча убакытка созулат?Немис тил интенсивдүү курсунун узактыгы ар кандай болушу мүмкүн. ●Оффлайн форматы: -A1 жана A2 деңгээлдери болжол менен 8 жумага созулат. Сабактар: 5 күн. 1 сабактын узактыгы: 1 саат 20 мүнөт. -B1 деңгээли 12 жумага созулат. Сабактар: 5 күн. 1 сабактын узактыгы: 1 саат 20 мүнөт. ●Онлайн формат: -A1 жана A2 деңгээли 8 жумага созулат. Сабактар жумасына 5 күн өткөрүлөт. 1 сабактын узактыгы: 1 саат. Жума күндөрү ВОТОнун бардык студенттери сүйлөшүү клубуна "Talking Club" катышышат, анда алар немис тилинин оозеки бөлүгүн оюн форматында машыгышат.
-
Сабактарда кандай окутуу ыкмалары колдонулат?BOTO kg коммуникативдик ыкмага негизделген заманбап жана эффективдүү окутуу ыкмаларын колдонот. Сабактар 4 бөлүктөн турган көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган: сүйлөө, угуу, окуу жана грамматика.
-
Бишкек шаарындагы BOTO kg немис тил курсуна кантип катталсам болот?Каттоо көбүнчө WhatsApp аркылуу +996 702 180 080 же Бишкек ш., Манас проспектиси 61 дареги боюнча жүргүзүлөт. Иш убактысы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин жана ишемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин.
-
BOTO kg Гёте-Институттун экзамендерине даярдайбы?Ооба, BOTO kg сизди немис тили боюнча ар кандай сынактарга даярдайт, мисалы, ÖSD экзамени же Гёте-Институттун экзамени. Даярдоо курстары экзамендерге жакшы даярданууга жана аларды ийгиликтүү тапшырууга жардам берет. Биздин студенттердин 98% Гёте институтунда жана ÖSDде экзамендерди ийгиликтүү тапшырышат.
-
Бишкек шаарындагы BОТО билим берүү борбору кайсы жерде жайгашкан?Дареги: Манас проспектиси 61, 720000 Бишкек, шаардык филармониянын маңдайында.
-
Курсту аяктагандан кийин Бишкектеги ВОТО мектебинен тил сертификатын алсам болобу?Ооба, ар бир деңгээлдин бүтүрүү сынактары бар. Бул сынактан ийгиликтүү өтсөңүз, BOTO kg уюмунан тил сертификатын аласыз.
-
Аупейр программасы деген эмне?Аупейр, адатта, 6 айдан 1 жылга чейинки мөөнөттө гаст үй-бүлөдө жашап, бала багуу жана үй иштерине жардам берген жаштар. Аупейрлер үчүн жаңы маданиятты үйрөнүү, таануу жана немис тилин тереңдетүү артыкчылыктуу болуп саналат. Булардын ордуна Аупейр Германиядагы же Австриядагы кабыл алуучу үй-бүлөгө бала багууга көмөктөшөт жана үй иштерине жардам берет.
-
Wer ist ein Au Pair?Ein Au Pair ist nicht gleichbedeutend mit einer Putzfrau oder einem Kindermädchen. Ein Au-Pair ist ein junger Mann oder eine junge Frau im Alter von 18 bis 27 Jahren, der den Wunsch hat, im Ausland bei einer Gastfamilie zu leben und diese bei der Betreuung ihrer Kinder zu unterstützen. Ein Au Pair möchte auch vor Ort eine Fremdsprache lernen, eine neue Kultur entdecken und neue Freundschaften knüpfen. Ein Au Pair erhält von seiner Gastfamilie als Gegenleistung kostenlose Unterkunft, Verpflegung, Versicherung und Taschengeld.
-
Аупейр программасына кандай талаптар коюлат?Германия үчүн 18 жаштан 26 жашка чейин жана Австрия үчүн 18 жаштан 30 жашка чейин болуу. (Goethe/ÖSD/DSD, TestDaF) сыяктуу институттардан A1 деңгээлиндеги немис тилин билүү сертификатына ээ болуу. BOTO kg Аупейр сыяктуу саякат үчүн A2 сүйлөшүүнүн минималдуу деңгээлин талап кылат жана сунуштайт. Үйлөнгөн эмес, балалуу эмес. Германияга учак билетин төлөөгө каржылык мүмкүнчүлүгү бар. Балдар менен иштей билүү жана балдар менен иштөө тажрыйбасынын болушу. Cоттолбогондугу жөнүндө маалымкат берүү. Физикалык жана психикалык жактан дени сак болуп, тиешелүү документтерди берүү.
-
Гаст үй-бүлө деген эмне?Гаст үй-бүлө Аупейр үчүн кабыл алуучу үй-бүлө болуп саналат. Программага катышуу үчүн гаст үй-бүлөлөр да белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек: - Аупейр үчүн жетиштүү турак жайдын болушу. - 18 жашка чейинки кеминде бир баланын болушу. Аупейр сыяктуу эле, гаст үй-бүлөлөр да Германияда агенттиктер тарабынан текшерилип, белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек.
-
Аупейр кандай милдеттерди аткарат?Аупейрдин негизги милдети - гаст үй-бүлөнүн балдарына кам көрүүгө жардам берүү. Жалпысынан алганда, Аупейр төмөнкү милдеттерди аткарат: - жаш балдарды кароо жана аларды бала бакчага, мектепке же иш-чараларга коштоп жүрүү алар менен сейилдөө жана ойноо; - үй-тиричиликтин жеңил жумуштарын аткаруу, анын ичинде батирди тазалоо жана кийимдерди жууп, үтүктөө; - балдар үчүн эртең мененки жана жеңил тамактарды даярдоо; - үйдү же батирди кароо жана үй жаныбарларына кам көрүү. Аупейрдин жоопкерчилигине кирбейт: - оорулуу же улгайган үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү; - үйдү толук тазалоо же жашылдандыруу; - машинаны жуу; - терезе жуу.
-
Аупейр программасы канча убакытка созулат?Программа 12 айга (1 жыл) созулат. 6 айга да пландаштырсаңыз болот, бирок 6 айга Аупейрди кабыл алууга даяр үй-бүлөлөр өтө аз.
-
Аупейр кайда жашайт?Гаст үй-бүлөдө болуу учурунда сизде үй-бүлөнүн үйүндө же батиринде өз бөлмөңүз болот.
-
Аупейр Германияда жана Австрияда канча табат?Германияда Аупейр үчүн ай сайын төлөнүүчү айлык акы (чөнтөк акча) жумуш убактысына карабастан 280 еврону түзөт. Каникулда, ооруп калганда да чөнтөк акча төлөнөт. Мындан тышкары, Аупейр немис тили курстары үчүн айына 70 евро кошумча төлөм алат. Жана ошондой эле курстарга барууга транспорттук билет да берилет. Үй-бүлөлөр кээде курстарга баруу үчүн велосипед да беришет. Австрияда айлык акы 500 евро жана жылына 1500 евро бонус төлөнөт.
-
Аупейрдин канча бош күнү бар жана каникул эрежелери кандай?Австрияда жана Германияда Аупейр жумасына 1-2 кун эс алуу күн алуу укугуна ээ. Аупейрдин эс алуусу толугу менен төлөнөт: Австрияда жана Германияда 4 жумалык каникул 12 айга берилет.
-
Аупейр сапарынын чыгымдарын ким көтөрөт?Сапардын чыгымдарын Аупейр өзү көтөрөт. Гаст үй-бүлөлөр Аупейр билеттерин төлөөгө милдеттүү эмес болсо да, биз үй-бүлөлөрдү , мүмкүн болсо, авиа билеттерди сатып алууда Аупейрди колдоого чакырабыз. Келгенден кийин Аупейр акырындык менен кайра үй-бүлөгө билеттин акчасын кайтарып бере алат. Бул программа расмий түрдө башталганга чейин талкууланып, келишим аркылуу бекитилет.
-
Виза чыгымдарын ким төлөйт?Аупейр визанын чыгымдарын өзү төлөшү керек жана гаст үй-бүлөсү аларды кайтарып берүүгө милдеттүү эмес. Аупейр Германиянын же Австриянын элчилигине кайрылып, виза алуу жана бул программага катышуу үчүн зарыл болгон талаптарды аткарууга милдеттенет.
-
Аупейр программасы боюнча визаны кантип алса болот?BOTO kg - бул Германияда же Австрияда үй-бүлө табууда Аупейрге колдоо көрсөткөн ишенимдүү жана тез агенттик. Мындан тышкары, гаст үй-бүлөлөр менен келишим түзүү жана элчиликке виза тапшыруу үчүн бардык керектүү документтерди даярдайбыз. Бизден кесипкөй колдоо Аупейр программасы үчүн визаны тез жана натыйжалуу алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, бирок виза берүү боюнча акыркы чечимди элчилик кабыл алат.
-
BOTO kg Германия жана Австриядагы Аупейрге колдоо көрсөтөбү?Ооба, биз бул кызматты Аупейр үчүн акысыз көрсөтөбүз. Гаст үй-бүлө менен көйгөйлөр же түшүнбөстүктөр, же гаст үй-бүлөнү алмаштыруу учурунда биздин менеджерлерге WhatsApp аркылуу кайрылсаңыз болот. Германияда биздин оор кырдаалда Аупейрлерге жардам бере турган атайын менеджерибиз бар.
-
Бишкекте Аупейр программасы канча турат?Бишкектеги Аупейр программасынын орточо баасы: болжол менен 1000 евро: - Немис тили курсу 2 ай (А1 деңгээли) - болжол менен 80 евро. - Гёте-Институтунда немис тили боюнча сертификат: 70 еврого жакын. - Агенттик төлөмдөр: 250-300 евро. - Консулдук төлөм: 103 евро. - Учак билети: болжол менен 300-400 евро. - Гаст үй-бүлөгө белек: болжол менен 20 евро.
-
Аупейр үчүн куткаруу кызматы барбы?Ооба, 3 вариант бар. 1) Германиядагы биринчи байланышыңыз: Менеджер I. +49 172 88 77 316. 2) Аупейр Telefonseelsorge куткаруу кызматы: +49 - 800 111 0 111 же +49 - 800 111 0 222. 3) Аупейр Society e.V. куткаруу кызматы: +49 - 800 110 287 247. Бул номерлер өзгөчө кырдаалдар үчүн гана арналган.
-
Аупейр программасы бир гана кыздаргабы же балдарга дагыбы?Ооба, Аупейр программасы кыздарды да, балдарды да кабыл алат. Бишкекте биз Германияга Аупейр программасы боюнча эркек балдарды ийгиликтүү жөнөткөн жалгыз мекеме болуп саналабыз.
-
Бишкектеги Фериенжоб/"Каникулда иштөө" программасы эмнени билдирет?Фериенжоб/Каникул учурунда иштөө программасы студенттер үчүн расмий жайкы каникулда иштөө мүмкүнчүлүгүн берип, 30дан 90 күнгө чейин созулат. Бул программа студенттерге жайкы эс алуусун эсте каларлык өткөрүүгө, немис компанияларында унутулгус иш тажрыйбасына ээ болууга, Европаны кыдырып, татыктуу акча табууга мүмкүндүк берет. Бул программага Кыргызстандан 1000ден ашык студенттер катышып, өз максаттарын жана кыялдарын ишке ашырышты.
-
Фериенжоб программасы Германияда гана барбы? ?Ооба, биз бул программаны студенттерибизге Германияда гана беребиз.
-
Германиядагы Фериенжоб программасы боюнча канча акча тапса болот?Айлыгы саатына 12 евродон 13,45 еврого чейин. Жумуш убактысы болжол менен айына 140тан 200 саатка чейин. Бул жерде кирешенин болжолдуу статистикасы: Германияда 1 ай иштегениңиз үчүн , эгерде 180-200 саат иштесеңиз, орточо эсеп менен 2000-2500 евро, 200 000 - 250 000 сомго чеин таба аласыз.
-
Фериенжоб программасы канча убакытка созулат?Программанын узактыгы сиздин университетте жайкы каникулдун узактыгына жараша 2 айдан 3 айга чейин.
-
Фериенжоб программасына кандай талаптар коюлат?- 18 жаштан жогору болуу - Университеттин күндүзгү бөлүмүндө окуган 1-3 - курстун студенти болуу, акыркы курстун студенти болбошуңуз абдан маанилүү. - Немис тилин В1 деңгээлинде билүү, Гёте-Институттун сертификаты керек эмес. - Жайкы каникул кеминде 2 ай болушу керек. .
-
Бишкекте Фериенжоб программасынын баасы канча?Бишкектеги Фериенжоб программасынын орточо баасы: болжол менен 1000 евро: Немис тили курсу 6 ай (В1 деңгээлине чейин) – Агенттиктин акысы – 250 евро. Консулдук төлөм – 100 евро. Авиабилет – 250 евро же андан жогору. Камсыздандыруу – 40 евро. Жаңы барганда өзүңүздө накталай акчанын болуусу – 250 евро.
-
Фериенжоб программасы үчүн жумушка уруксат керекпи?Ооба, Кыргызстандан барган студенттерге Германиянын Федералдык Эмгек агенттигинен расмий уруксат керектелет.
-
Германиядан Фериенжоб программасын кантип тапса болот?Сиз Фериенжоб программасын ар кандай жолдор менен таба аласыз. Бул жерде алардын кээ бирлери: 1. Oнлайн жумуш порталдары: Indeed (indeed.de), Monster (monster.de), StepStone (stepstone.de) жана Федералдык Эмгек агенттигинин (arbeitsagentur.de) расмий порталы сыяктуу жумуш порталдарын колдоно аласыз. Бул платформалар Германиядагы жумуштардын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. 2. Компаниянын веб-сайттары: Германиядагы ири компаниялардын веб-сайттарына баш багыңыз. Көптөгөн компаниялар жумуш орундарын түздөн-түз веб-баракчаларына жайгаштырышат. Ошондой эле сиз компаниянын веб-сайттары аркылуу түздөн-түз компанияга кайрыла аласыз. 3. Бишкек шаарындагы агенттиктер: Сиз ошондой эле Бишкектеги ишенимдүү агенттиктерге кайрылсаңыз болот. Бул агенттиктер көбүнчө Германиядагы компаниялар менен расмий келишимдерге ээ жана сизге тез жана ишенимдүу жумуш табууга жардам берет. Агенттиктин ишенимдүү жана мыйзам чегинде иш алып баргандыгын сөзсүз түрдө тактаңыз. 4. Социалдык тармактар жана онлайн-жамааттар: Германиядагы эс алуу учурунда жумуш табуу үчүн Facebook сыяктуу социалдык тармактарды колдонсоңуз болот. Ал жакта каникул учурунда иштегенге жумуш орундарын жарыялаган көптөгөн топтор бар.